# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 4165-VI 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 4165-VI 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4165-VI
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12809/edition/1034420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 4165-VI 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (12.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-ноябры № 4165-VI 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;

М.А.Маматалиев - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;

С.С.Анарбаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

О.Ж.Турдумамбетов - "Өнүгүү-Прогресс парламенттик фракциясынан;

А.Ж.Акматов - "Бир Бол'' парламенттик фракциясынан;

Ө.Ч.Текебаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Мамытов
