# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4156-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4156-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4156-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12788/edition/1027762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4156-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (05.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87841

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 5-ноябры № 4156-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;

С.Ж.Исманов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

Н.К.Алимбеков - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Н.М.Сырдыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

Ө.Ч.Текебаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Мамытов
