# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4119-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4119-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4119-VI
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12782/edition/1027710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4119-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87835

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-октябры № 4119-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бердиев Аккулу Тагаевичтин Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичтин ант берүүсү; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна К.Т.Зулушевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн сунуш кылынган Тилек Мурсалиевич Токтогазиевдин талапкерлиги жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн суракка чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

К.Исаев
