Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү боюнча жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-октябры № 4122-VI Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү боюнча жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү боюнча жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.Т.Алтыбаева,
Ө.М.Бакиров,
Г.С.Молдобекова,
Е.Г.Строкова - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Алтынбеков,
М.А.Маматалиев,
Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
Б.Б.Кенжебаев,
М.Н.Койчуманов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Исмаилов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
У.З.Ормонов - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
К.Исаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон