Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы № 195 „Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө“ Жарлыгын бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 16 октября 2020 года № 4117-VI "Об утверждении повестки дня внеочередного заседания ЖогоркуКенеша Кыргызской Республики 16 октября 2020 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-10-16.
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы № 4109-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-октябры № 4109-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгын бекитүү тууралуу Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонууга жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгын гана көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 10-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктун, 120-беренесинин 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгы жана анда каралган чаралар толугу менен бекитилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигине кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине 3 сааттын ичинде кабарлоо тапшырылсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
А.Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы № 4117-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы кезексиз жыйналышынынкүн тартибин бекитүү…Постановление · 16.10.2020 · № 4117-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы № 4118-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына…Постановление · 16.10.2020 · № 4118-VI
Шилтеме берет (5)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Указ Президента КР от 12 октября 2020 года УП № 195 "О введении чрезвычайного положения на территории города Бишкек Кыргызской Республики" токтомуУказ · 12.10.2020 · № 195
- КР Жогорку Кенешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы № 4117-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы кезексиз жыйналышынынкүн тартибин бекитүү…Постановление · 16.10.2020 · № 4117-VI
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон