# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4108-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4108-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4108-VI
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12751/edition/1026105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4108-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (10.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87803

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-октябры № 4108-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна; Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Темиралиев Талайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна; Муканбетов Санжар Турдокожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна; Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна; Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна; Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна; Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна; Айдарбеков Чингиз Азаматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна; \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна; Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна; Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна; Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна; Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна; Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Осмонбетов Эмил Кубатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3874-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
