Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-октябры № 4108-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна; Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; __________________ - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Темиралиев Талайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна; Муканбетов Санжар Турдокожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна; Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна; Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна; Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна; Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна; Айдарбеков Чингиз Азаматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна; _______________ - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна; Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна; Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна; Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна; Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна; Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Осмонбетов Эмил Кубатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3874-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3874-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3874-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3874-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3874-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон