# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3938-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3938-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3938-VI
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87740>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12688/edition/1124674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87740.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3938-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87740

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-июну № 3938-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаттары төмөнкү комитеттердин курамына киргизилсин:

- Нурдинов Бейшеналы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына;

- Эсенаманов Замирбек Садыбакасович Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктчанын он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Эсенаманов Замирбек Садыбакасович - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан"; 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Нурдинов Бейшеналы - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
