# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4106-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4106-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4106-VI
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12668/edition/1023870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87720.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4106-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (14.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87720

---

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы N 4114-VI токтомуна ылайык КҮЧУН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-октябры № 4106-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаров тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3876-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
