# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3703-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтаруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3703-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтаруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3703-VI
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12370/edition/1006362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3703-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтаруу тууралуу" токтому (30.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87422

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 30-апрели № 3703-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Төлөнов, Т.А.Масабиров, Г.К.Асылбаева, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, И.Т.Гайпкулов, К.Дж.Рыспаев, М.И.Бакиров демилгелеген "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтарылсын.

2. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы № 3266-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
