# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3683-VI "Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3683-VI "Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3683-VI
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12359/edition/1004522/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3683-VI "Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө" токтому (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87411

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 15-апрели № 3683-VI Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, COVID-19 коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына мындан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды өз убагында каржылоо үчүн "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Мамлекеттик бюджеттик резервден бөлүнүүчү каражаттарды карасын;

- бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымат берсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
