Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 15-апрели № 3683-VI Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, COVID-19 коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына мындан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды өз убагында каржылоо үчүн "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Мамлекеттик бюджеттик резервден бөлүнүүчү каражаттарды карасын;
- бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымат берсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59