# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы № 3613-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы № 3613-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3613-VI
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12303/edition/1002448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы № 3613-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (11.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87355

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-марты № 3613-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Тарыхый темада жана Кыргызстандын белгилүү тарыхый инсандары жөнүндө көркөм жана даректүү тасмаларды тартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы 3162-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
