# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 3534-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 3534-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3534-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12250/edition/996543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 3534-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87302

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 6-февралы № 3534-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жоробеков Тариел Улукбекович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Аскарова Айнура Алмасбековна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиянын курамына жиберилсин; Жоробеков Тариел Улукбекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
