# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3517-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3517-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3517-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12219/edition/994216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3517-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87271

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 5-февралы № 3517-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Асрандиев Эркин Шамшудиновичти дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна Аскаров Замирбек Марипбаевичти дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө; "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
