# КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 3541-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 3541-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3541-VI
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12213/edition/994150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 3541-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-февралы № 3541-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун төртүнчү абзацында "Разаков Жеңиш Парпиевич" деген сөздөр "Мадумаров Акрам Камбаралиевич" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
