# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3476-VI "Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3476-VI "Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3476-VI
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12177/edition/989105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3476-VI "Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому (26.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87229

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-декабры № 3476-VI Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тартылган адистердин ичинен кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси С.К.Ибраев ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жумушчу топтун жеке курамын аныктасын.

3. Жумушчу топ кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча ишти отуз күндүн ичинде аяктасын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
