# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3426-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3426-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3426-VI
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12132/edition/985898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3426-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (12.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87184

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 12-декабры № 3426-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 28-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
