# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3295-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3295-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3295-VI
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12123/edition/985872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3295-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-октябры № 3295-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович чыгарылсын;

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына Маматалиев Марлен Абдырахманович жана Никитенко Наталья Владимировна киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
