# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3413-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3413-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3413-VI
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12094/edition/984863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3413-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштыруу жөнүндө" токтому (05.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87146

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-декабры № 3413-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштырууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик кредитти кайра кайтаруунун сунуш кылынган шарттарын эске алуу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
