Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-декабры № 3406-VI "2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 11-июнундагы № 280 токтому) "2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 11 июня 2018 года № 280 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Соглашения о финансировании между Кыргызской Республикой и…Постановление · 11.06.2018 · № 280
- 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын…Закон · 23.03.2020 · № 29