Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-ноябры № 3385-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 14-майындагы № 224 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-жылдын республикалык бюджетин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды жойсун жана алар боюнча маалыматты 2020-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контролдук иш-чаралардын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатсын, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун талдоону, бюджеттин резервдерин мүмкүн болгон көбөйтүүлөргө баа берүүнү жана аларды министрликтер менен ведомстволор чыгымдашынын негиздүүлүгүн талдоону жүргүзүүгө багытталган ишти күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аларга берген материалдар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты 2020-жылдын февралында берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралууЗакон · 23.12.2019 · № 141
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-майындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 14.05.2019 · № 224 · Күчүн жоготкон