# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3363-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3363-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3363-VI
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12050/edition/982996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3363-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87102

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-ноябры № 3363-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланышкан маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
