# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3349-VI "2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3349-VI "2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3349-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-12029/edition/982690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 3349-VI "2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (13.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87081

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-ноябры № 3349-VI 2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 2019-жылга 30000 (отуз миң) АКШ доллары (которгон күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча) өлчөмүндө бекитилсин.

2. Көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берүү жана 2019-жылда КМШ катышкан мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреатына аларды которуп берүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
