Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу» токтому
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2019-жылдын 31-октябры № 3322-VI Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүү, анын ичинде ички жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүү жана тармакка тиешелүү инфратүзүмдү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Ысык-Көл областындагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоорун кайрадан карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген ведомстволор аралык комиссиясынын курамын өзгөртсүн;
2) ведомстволор аралык комиссиянын курамына көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүн киргизсин;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы "Каркыра-автожол" КӨП жыл бою жана күнү-түнү иштеп турушун камсыз кылуу максатында:
- "Кеген-автожол" КӨП иштөө режимин өзгөртүү боюнча Казакстан Республикасы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматына штаттык санын көбөйтүү, зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу, кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү максатында имараттарды жана курулмаларды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграциясын эсепке алуунун Бирдиктүү системасынын маалыматтык-программалык бөлүгүнүн натыйжалуу иши үчүн "Каркыра-автожол" КӨП байланыштын ишенимдүү, заманбап түрлөрү менен камсыз кылсын;
4) "Каракол" тоо лыжа базасы боюнча:
- жайкы туристтик сезондо тоо лыжа базасынын аймагында жаңы туристтик продукцияларды иштеп чыгууну ишке ашырсын;
- тоо лыжа базасына алып бара турган узундугу 7 чакырым жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берүү маселесин карасын;
- Каракол шаардык балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары үчүн профессионалдык тоо лыжа трассаларын ишке киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
5) эл аралык жаңы аэропорт куруу, жыл бою иштөөчү үстү жабылган жаңы спорт комплексин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштелип чыксын жана инвестиция тартуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
6) чет элдик туристтер менен байланышты өнүктүрүү максатында жайкы жана кышкы туристтик сезондо Ысык-Көл областында иштеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине базалык англис тилин үйрөтүүнү жана туристтик милициянын ишин камсыз кылсын;
7) туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ысык-Көл областындагы бардык мейманканаларда, конок үйлөрүндө, жатаканаларда жана эс алуучу жайларда борборлоштурулган видеобайкоо орнотуу боюнча иштерди жүргүзсүн, ошондой эле ички иштер бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлорду түзсүн;
8) Ысык-Көл областында кышкы туристтик сезон мезгилинде туристтик жагымдуулукту жакшыртуу үчүн эл аралык деңгээлдеги маданий-спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрсүн;
9) Түп районунун Сан-Таш айылынын аймагында этнокомплекс куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогун трансформациялоо боюнча иштерди тездетсин;
10) туристтик жаңы продукцияларды иштеп чыгаруу үчүн пилоттук аймак катарында Ысык-Көл областында агротуризмдин, экотуризмдин, этнотуризмдин, медициналык туризмдин туристтик каттамдарын иштеп чыксын;
11) Балыкчы-Каракол автомобиль жолунда заманбап эко биодааратканаларды курсун;
12) Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолун реабилитациялоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
13) Түп районунун "Санташ" тарыхый-маданий объектисин сактап калуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 15-апрелине чейин берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 "Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2015 · № 810 · Күчүн жоготкон