# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 3303-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 3303-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3303-VI
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11993/edition/978994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 3303-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры № 3303-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер: "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 28-сентябрында Душанбе шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга карата 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Каракол шаарынын "Суу каналы" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 3235-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
