# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы № 3264-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы № 3264-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3264-VI
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11973/edition/978772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы № 3264-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-октябры № 3264-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас облустарында айылдарды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)" долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн Швейцария Конфедерациясынан, Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан берилген инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын "Суу каналы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
