# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3273-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3273-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3273-VI
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11953/edition/978629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3273-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-октябры № 3273-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
