# 9-статья. Селекциялык жетишкендиктин приоритеттик укугу

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-9

---

Селекциялык жетишкендиктин приоритети патент алууга өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет. Эгерде бир күндө бир эле селекциялык жетишкендикке эки (же андан көп) өтүнмө келип түшсө, приоритет мурдараак жөнөтүлгөн өтүнмөнүн датасы боюнча белгиленет. Эгерде экспертиза бул өтүнмөлөр бир эле датада жөнөтүлгөндүгүн аныктаса, патент мурдараак катталуу номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилиши мүмкүн. Селекциялык жетишкендиктин приоритети, эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн датадан тартып он эки айдын ичинде келип түшсө, өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишим менен байланышкан чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн. Биринчи өтүнмөнүн негизинде приоритет укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө берүүчү аны өтүнмө берүүдө көрсөтүүгө милдеттүү. Аларды алган орган тарабынан баштапкы өтүнмө материалдарынын ырасталган көчүрмөлөрү, ошондой эле эки өтүнмөнүн тең предмети болгон селекциялык жетишкендик бир эле нерсе экендигинин үлгүлөрү же башка далилдери үч айдын ичинде берилет. Өтүнмө берүүчүгө приоритет бүткөндөн кийин же биринчи өтүнмө четке кагылган же кайра алынган учурларда, экспертиза максаттары үчүн талап кылынган зарыл болгон маалыматты, документтерди же материалдарды берүү үчүн жетиштүү убакыт (мындай четке кагуудан же кайра алуудан кийин) берилет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-10)
