# 7-статья. Патент алууга өтүнмө берүү

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-7

---

Патент алууга өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же почта байланышынын уюму же болбосо өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) арызды;

2) сорттун, тукумдун сыпаттамасын:

өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн - сорттун анкетасын; жаныбарлардын тукумдары үчүн - айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча алардын колдонулуудагы усулга ылайык сыпаттамасын;

3) өтүнмө берүү үчүн тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу же өтүнмө берүү үчүн алымды төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз берүүчү документти.

Өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Селекциялык жетишкендикке өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) менен белгиленет. Өтүнмө бир селекциялык жетишкендикке таандык болууга тийиш. Өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган датага чейин каалаган учурда өтүнмөнү кайра чакыртып алууга укуктуу. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6-1)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-8)
