# 6-статья. Кызматтык тартипте түзүлгөн селекциялык жетишкендик

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6

---

Эгерде селекциялык жетишкендик кызматтык тапшырманы же кызматтык милдеттерди аткарууда түзүлсө, анда өтүнмө берүү укугу, эгерде селекция менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө таандык болот. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүдө селекциячы: ээлеген кызматына тиешелүү милдеттерин аткарса; селекциялык жетишкендикти түзүү максатында ага атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарса, ал жетишкендик кызматтык тартипте түзүлгөн деп эсептелет. Эгерде иш берүүчү селекциячы ага түзүлгөн селекциялык жетишкендик жөнүндө маалымдаган датадан тартып төрт айдын ичинде өтүнмө бербесе же өтүнмө берүү укугун башка адамга бербесе, селекциячы өтүнмө берүүгө жана патентти өз атына алууга укуктуу болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине-авторго келишимдик негизде аныкталуучу компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укуктуу болот. Эгерде селекциялык жетишкендик кызматкер тарабынан иш берүүчүнүн тажрыйбасын, материалын, техникалык жана башка каражаттарын пайдалануу менен, бирок кызматкердин кызматтык милдеттерин же иш берүүчүнүн айкын-ачык тапшырмасын аткаруусу менен байланышсыз түзүлсө, патент алуу укугу кызматкерге таандык болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине келишимдик негизде аныкталган компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти приоритеттик пайдалануу укугуна ээ болот. Кызматкердин селекциялык жетишкендикти түзүүсүнө байланыштуу келип чыгуучу башка мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-5)  
Кийинки берене: [6-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6-1)
