# 6-1-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн селекциялык жетишкендик

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 6-1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6-1

---

Эгерде селекциялык жетишкендик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлсө, анда селекциялык жетишкендикке табыштама берүү жана патент алуу укугу аткаруучуга (ишти көтөрүүчү) тийиштүү, эгерде анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы чыкса жана бул укук Кыргыз Республикасына тийиштүү экендиги мамлекеттик контракт менен белгиленбесе. Эгерде мамлекеттик контрактка ылайык, патент алуу укугу Кыргыз Республикасына тийиштүү болсо, мамлекеттик тапшырыкчы селекциялык жетишкендик катарында укуктук коргоого жөндөмдүү чен-өлчөм алуу жөнүндөгү аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу түрүндөгү анын кабарламасы жиберген учурунан баштап, алты айдын ичинде патент алууга табыштама бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы табыштама бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда селекциялык жетишкендиктерге ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык патентти мамлекеттик эмес тапшырыкчы алган учурда, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талап кылуусу боюнча анын көрсөткөн жагына (жактарына) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн иштерди аткаруу же продукцияны жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу максатында ушул селекциялык жетишкендиктерди пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн лицензия берүүгө милдеттүү. Патент ээси болуп саналбаган, селекциялык жетишкендиктин авторуна ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, патент алган жак аркылуу сыйакы төлөнөт. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 22-статьясынын жоболору колдонулат. (КР 2006-жылдын 8-августундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-7)
