Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Кызматтык тартипте түзүлгөн селекциялык жетишкендик
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 января 2015 года № 4
Эгерде селекциялык жетишкендик кызматтык тапшырманы же кызматтык милдеттерди аткарууда түзүлсө, анда өтүнмө берүү укугу, эгерде селекция менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө таандык болот. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүдө селекциячы: ээлеген кызматына тиешелүү милдеттерин аткарса; селекциялык жетишкендикти түзүү максатында ага атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарса, ал жетишкендик кызматтык тартипте түзүлгөн деп эсептелет. Эгерде иш берүүчү селекциячы ага түзүлгөн селекциялык жетишкендик жөнүндө маалымдаган датадан тартып төрт айдын ичинде өтүнмө бербесе же өтүнмө берүү укугун башка адамга бербесе, селекциячы өтүнмө берүүгө жана патентти өз атына алууга укуктуу болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине-авторго келишимдик негизде аныкталуучу компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укуктуу болот. Эгерде селекциялык жетишкендик кызматкер тарабынан иш берүүчүнүн тажрыйбасын, материалын, техникалык жана башка каражаттарын пайдалануу менен, бирок кызматкердин кызматтык милдеттерин же иш берүүчүнүн айкын-ачык тапшырмасын аткаруусу менен байланышсыз түзүлсө, патент алуу укугу кызматкерге таандык болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине келишимдик негизде аныкталган компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти приоритеттик пайдалануу укугуна ээ болот. Кызматкердин селекциялык жетишкендикти түзүүсүнө байланыштуу келип чыгуучу башка мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-6" title="6-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>