# 5-статья. Патент алууга өтүнмө берүүгө укуктуу адамдар

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 5-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-5

---

Патент алууга өтүнмө берүү (мындан ары - өтүнмө) укугуна селекциячы, иш берүүчү же алардын мурас жолдоочусу (мындан ары - өтүнмө берүүчү) ээ болот. Эгерде селекциялык жетишкендик бир нече адамдар тарабынан биргелештикте түзүлсө, аларга өтүнмөнү бирге берүү укугу берилет. Өтүнмө, ишеним катка ылайык патент алууга байланышкан иштерди жүргүзгөн ишенимдүү адам аркылуу берилиши мүмкүн. Башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жерлери же турган жери жок жеке же юридикалык жактары патент алуу жана аны күчүндө кармоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү адамдары аркылуу жүргүзүшөт. Интеллектуалдык менчик жаатындагы жана айыл чарба, мелиорация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемеде иштеген бүткүл мезгилдин ичинде селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө берүүгө укуксуз болушат. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-6)
