# 40-статья. Өтмө жоболор

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: XI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241586..1241587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 40-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-40

---

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин селекциялык жетишкендиктерге берилген Кыргыз Республикасынын патенттери андагы көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүн сактайт. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча он чечим чыгарылган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча селекциялык жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патенттери төмөндөгүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен берилет: өсүмдүктөрдүн сортторуна - коргоого алынуучу селекциялык жетишкендштердин мамлекеттик реестринде билдирилген селекциялык жетишкендиктеринде катталган күндөн тартып 30 жылга; жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна - 35 жылга берилет. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча чечим чыгарылбаган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча кароонун андан аркы жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-41)
