# 4-статья. Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттары

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241586..1241587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 4-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-4

---

Патент коргоого жөндөмдүүлүгүнүн белгиленген чендерине туура келген жана ботаникалык жана зоологиялык урууларга жана түрлөргө кирген селекциялык жетишкендикке берилет. Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн сынактары төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) жаңылыктуулук.

Эгерде патент алууга өтүнмө берилген датага карата ошол селекциялык жетишкендиктин үрөнү же асыл тукумдук материалы селекциячы, анын укук мурастоочусу тарабынан же алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендикти: Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн-бул датадан бир жыл мурда; башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн-төрт жыл мурда же эгерде ал жүзүмгө, декорациялык бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө тийиштүү болсо көрсөтүлгөн датадан алты жыл мурда башка адамдарга сатылбаса жана башкача түрдө берилбесе селекциялык жетишкендик жаңы деп эсептелет. Эгерде сорттун же тукумдун кандай материалын болсун сатуу-берүү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин башка адамдар тарабынан: өтүнмө берүүчүгө атайылап зыян келтирүү максатында; патент алууга укуктуулугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди аткарууда; үчүнчү тарап сортту, тукумду көбөйтүү үчүн, мындай жөнөтүүлөр өтүнмө берүүчүнүн контролдугу астында жүргүзүлгөн шартта, өтүнмө берүүчүнүн макулдугу менен кошумча материал жөнөтүүнү жүргүзө турган келишимди аткарууда; үчүнчү тарап сортту же тукумду сыноо боюнча талаадагы сыноолорду же лабораториялык изилдөөлөрдү же контролдук сыноолорду жүргүзө турган келишимди аткарууда жасалса, селекциялык жетишкендиктин жаңылыктуулугу жоготулбайт;

2) Айырмалуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпыга белгилүү болгон селекциялык жетишкендиктин кайсынысынан болбосун өтө айырмаланып турса, айырмалуу деп эсептелинет. Жалпыга белгилүүлүк селекциялык жетишкендикке карата төмөндөгүчө белгилениши мүмкүн:

- жогоруда аталган максаттар үчүн көбөйтүү, сактоо максаттарында аны өндүрүүнүн, кайра өндүрүүнүн, себүү кондициясына жеткирүүнүн натыйжасында билимдин жалпы белгилүү деңгээлинин бир бөлүгү болуп калган;

- сатууга сунуш кылынган, сатылган, ташылып кеткен же ташып келинген;

- расмий каталогдорго, маалымдама фондуларына киргизилген же жарыялоолордун биринде так сыпатталган, же болбосо Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилген учурларда;

3) бир түрдүүлүк.

Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү болушса, бир түрдүү деп эсептелет;

4) туруктуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде бир канча жолу көбөйтүлгөндөн кийин же көбөйтүүнүн өзгөчө цикли учурунда, көбөйтүүнүн ар бир циклинин аягында анын негизги белгилери өзгөрбөгөн бойдон калса, туруктуу деп эсептелет. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-5)
