# 34-статья. Мажбурлоочу лицензия

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 34-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-34

---

Эгерде патенттин ээси же ага карата укукту өткөрүп алган жак патент берилген күндөн тартып үч жыл ичинде өлкөнүн айыл чарбасы үчүн турмуштук өтө маанилүү болгон селекциялык жетишкендикти пайдаланбаса жана рынокту жетиштүү деңгээлдеги үрөн менен камсыз кылбаса, ошону менен бирге таламдаш жак менен макулдашуу түзүүдөн баш тартса, акыркы аталган жак бул селекциялык жетишкендикти пайдалануу боюнча ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Өзгөчө кырдаалдардын учурларында (табигый кырсыктар, кыйроолор ж.б.) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети патент ээсине кыска мөөнөттүн ичинде кабарлама берип жана ошонун өлчөмүндө компенсация төлөп берип, патент ээсинин макулдугусуз селекциялык жетишкендикти пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу, муну менен бирге патенттелген селекциялык жетишкендикти кайсы максаттар үчүн пайдаланууга уруксат берилсе, аны пайдалануунун көлөмү жана узактыгы ушул максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыгуучу талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет. Эгерде патент ээси селекциялык жетишкендикти пайдаланбагандыгы жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын далилдебесе, сот пайдалануунун чектерин, төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн жана тартибин аныктоо менен көрсөтүлгөн лицензияны бере алат. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбасына ылайык аныкталган баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш. Мажбурлоочу лицензия берүүдө лицензия алуучуга өзгөчөлүксүз лицензиянын укуктарынын көлөмүндө селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берилет. Сот ылайыктуу шартта тиешелүү акы төлөп берилгенден кийин патент ээсин лицензия алуучуга мажбурлоочу лицензияны натыйжалуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сандагы көбөйтүлгөн материалды берүүгө милдеттендире алат. Мажбурлоочу лицензия төмөндөгүдөй шарттар болгондо берилет: мажбурлоочу лицензияга арыз берүүчү финансылык, техникалык, илимий жактардан патент ээсинин укугун натыйжалуу пайдаланууга жарагыдай абалда болууга тийиш; патент ээси арыз берүүчүгө корголуучу селекциялык жетишкендикти коомдун керектөөсү үчүн жетиштүү ыкмада өндүрүүгө же көбөйтүлүүчү материал менен соода жүргүзүүгө уруксат берүүдө мажбурлоочу лицензия берүүдөн баш тартса же ылайыктуу шарттарда мындай уруксат берүүгө даяр болбосо; патент ээси селекциялык жетишкендикти талап кылынган ыкмада пайдаланууга уруксат бере албай турган негиздер болбосо. Мажбурлоочу лицензиянын узактыгы сот тарабынан аныкталат. Мажбурлоочу лицензия жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат жана корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет. Мажбурлоочу лицензия берилгендиги жөнүндө маалыматтарды каттоо жана расмий бюллетенде жарыялоо үчүн лицензия алуучу тийиштүү алым төлөйт. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы № 4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-35)
