30-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин колдонуу укугу
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · VIII бөлүм
Патентти колдоо үчүн патенттик алымдын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке карата патенттин колдонулушу патент таандык болгон адамдын өтүнмөсү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн. Мындай өтүнмө өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна аталган патенттик алымын төлөгөн күндөн тартып 5 жыл ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмөгө патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү патенттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ тиркелүүгө тийиш. Патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат. Патенттин колдонуу мөөнөтү токтотулган күн менен патенттин колдонулушунун калыбына келтирилгендиги жөнүндөгү маалымат расмий бюллетенинде жарыяланган күндүн ортосунда патенттелген селекциялык жетишкендикти Кыргыз Республикасынын аймагында иштете баштаган, же болбосо аталган мезгилде буга карата даярдыктарды көргөн ар кандай адам мындай пайдалануунун көлөмүн (кийин пайдалануу укугун) кеңейтпей туруп аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат. Кийин пайдалануу укугу бул селекциялык жетишкендикти колдонгон же бул даярдыкка карата керек болгон нерселер жасалган жердеги биргелешкөн өндүрүштөгү жеке же юридикалык жакка гана берилиши мүмкүн. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө саналып өткөн укуктар кайсы бир адамга аталган иш-аракеттерди жасоого лицензия берүүнү камтыбайт. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 13 мая 2008 года № 211 "О внесении изменения и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 мая 1999 года № 259 "Об…Постановление · 13.05.2008 · № 211 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-30-1" title="30-1-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>