# 3-статья. Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 3-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-3

---

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат. Селекциялык жетишкендиктердин коргоо жөндөмдүүлүгүнүн маселелери боюнча талаш-тартыштарды алгачкы карап чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Апелляциялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, каттоого өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, алар боюнча алдын ала экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, патенттерди берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосуна ылайык башка функцияларды аткарат. Жаныбарлардын зоологиялык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегин, copтторунун үрөндөрүн ишкананын аймагында жеке пайдалануу үчүн эки жыл өстүрүүгө уруксат берилген Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-4)
