# 28-статья. Патент ээсинин укуктарын коргоо

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 28-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-28

---

Патент ээси укук бузуучудан:

а) патент ээсинин укуктарын таанууну;

б) укуктар бузулганга чейин өкүм сүргөн жоболорду калыбына келтирүүнү жана укуктарды бузуучу же аны бузуу үчүн коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну;

в) чыгашалардын, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруп берүүнү;

г) чыгашалардын ордун толтуруунун ордуна патент ээсинин укуктарын бузуунун натыйжасында укук бузуучу алган кирешени өндүрүп алууну;

д) өздөрүнүн укуктарын коргоого байланышкан, башка ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу.

Ушул статьянын "в" жана "г" пункттарында көрсөтүлгөн чаралар патент ээсинин тандап алуусу боюнча колдонулат. Патент ээси өз укуктарын коргоо үчүн сотко, ошондой эле алардын компетенцияларына ылайык тергөө органдарына кайрылууга укуктуу. Контрафакттык үрөн, асыл тукум материал соттун чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган контрафакттык үрөн, асыл тукум материал патент ээсинин суроосу боюнча алар патент ээсине берилген учурлардан бөлөктө жок кылынууга тийиш. Патент ээсинин укуктарынын бузулушу жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгондо тергөө органы же сот контрафакттык деп болжолдонгон селекциялык жетишкендикти издөө жана ага камак салуу үчүн чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-29)
