# 25-статья. Патент ээсинин укуктарын бузуу катары таанылбаган аракеттер

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 25-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-25

---

Патент ээсинин төмөндөгүдөй аракеттери укук бузуу катары таанылбайт: керт башы үчүн жана коммерциялык эмес максаттарда жасалган аракеттер; эксперименттик максаттарда жасалган аракеттер; коргоого алынуучу сортту, тукумду ушул Мыйзамдын 24-статьясынын бешинчи бөлүгүндө каралган учурлардан башка учурда, жаңы селекциялык жетишкендикти түзүү үчүн баштапкы материал катарында пайдалануу боюнча аракеттер, мындай селекциялык жетишкендиктерге карата ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттер; дыйкан (фермердик) чарба тарабынан алынган өсүмдүк материалын өзүнүн ишканасынын аймагында сортту өстүрүү үчүн үрөн катары ушул ишкананын эки жыл бою пайдаланышы. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегине ылайык колдонулат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-26)
