# 24-статья. Патент ээсинин укуктары

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241586..1241587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 24-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-24

---

Патент ээсине селекциялык жетишкендикти пайдалануунун өзгөчө укугу таандык. Патент ээсинин өзгөчө укугу корголуучу селекциялык жетишкендиктин үрөн, асыл тукумдук материалы менен төмөндөгүдөй аракеттерди: өндүрүүнү жана кайра өндүрүүнү; кийинки көбөйтүү үчүн эгүү кондициясына жеткирүүнү; сатууга сунуш кылууну; сатууну жана сатып-өткөрүүнүн башка түрлөрүн; Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууну; Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү; жогоруда саналып өткөн максаттарда сактоону жүзөгө ашыруу укугун билдирет. Патентке карата укук жана патенттен улам келип чыккан селекциялык жетишкендикти пайдаланууга карата укук патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим же лицензиялык келишим боюнча ар кандай жеке же юридикалык жакка берилиши мүмкүн. Патент ээсинин өзгөчө укугу ошондой эле патент ээсинин уруксатысыз чарбалык жүгүртүүгө киргизилген өсүмдүк материалдарына жана коргоого алынган сорттун өсүмдүк материалынан жасалган товардык продукцияга да жайылтылат. Патент ээсинин уруксаты ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган: эгерде бул корголуучу сорт же тукум өз кезегинде башка селекциялык жетишкендиктердин белгилерин олуттуу түрдө мурастаган селекциялык жетишкендиктер болушпаса, корголуучу сорттун (баштапкы сорттун), тукумдун (баштапкы тукумдун) белгилерин олуттуу түрдө мурасташкан; корголуучу сорттон, тукумдан айкын айырмаланбаган; үрөн өндүрүү үчүн корголуучу сортту көп жолу пайдаланууну талап кылган үрөндөр, асыл тукум материалы менен аракеттерди жасоо үчүн зарыл болот. Башка баштапкы корголуучу селекциялык жетишкендиктин белгилерин олуттуу түрдө мурастоочу селекциялык жетишкендик катары, баштапкыдан айкын айырмалануу менен: баштапкы селекциялык жетишкендиктин же баштапкы селекциялык жетишкендиктин олуттуу белгилерин өзү мурастаган селекциялык жетишкендиктин эң жалпы олуттуу белгилерин мурастаган, мында селекциялык жетишкендиктин генотибин же генотиптер тобун чагылдыруучу негизги белгилерди сактап калган; баштапкы сорттон, тукумдан жекече тандап алуу, индуцирияланган мутанттан тандап алуу, ген инженериясы сыяктуу ыкмаларды колдонуудан улам келип чыккан чектөөлөрдөн бөлөк, баштапкы селекциялык жетишкендиктин генотибине же генотиптеринин тобуна ылайык келген селекциялык жетишкендик катары таанылат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-25)
