# 21-статья. Селекциялык жетишкендиктин автору

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 21-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-21

---

Чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендик түзүлгөн жеке адам селекциялык жетишкендиктин автору катары таанылат. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүгө бир нече адам катышса, алардын бардыгы авторлоштор катары эсептелет. Авторлошторго таандык укуктарды пайдалануу тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Сортту, тукумду түзүүгө жекече салым кошпогон, авторго (авторлорго) болгону техникалык, уюштуруучулук же материалдык жардам көрсөткөн, же селекциялык жетишкендикке карата укуктарды толтурууга көмөк көрсөтүшкөн гана адамдар авторлоштор катары таанылбайт. Селекциячынын авторлугун ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет. Селекциялык жетишкендиктин авторуна, ажыратылгыс жекече мүлктүк эмес укук болгон жана мөөнөтсүз корголуучу автордук укук таандык болот. Автордук жөнүндөгү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет. Селекциялык жетишкендиктин автору эмес патент ээси менен патент ээси эмес автордун ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет. Автор патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу. Автордун күбөлүгү жоголгон же ага зыян келтирилген учурда авторго тийиштүү алым төлөнгөн шартта дубликат берилет. (Сегизинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-22)
