21-статья. Селекциялык жетишкендиктин автору
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 января 2015 года № 4
Чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендик түзүлгөн жеке адам селекциялык жетишкендиктин автору катары таанылат. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүгө бир нече адам катышса, алардын бардыгы авторлоштор катары эсептелет. Авторлошторго таандык укуктарды пайдалануу тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Сортту, тукумду түзүүгө жекече салым кошпогон, авторго (авторлорго) болгону техникалык, уюштуруучулук же материалдык жардам көрсөткөн, же селекциялык жетишкендикке карата укуктарды толтурууга көмөк көрсөтүшкөн гана адамдар авторлоштор катары таанылбайт. Селекциячынын авторлугун ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет. Селекциялык жетишкендиктин авторуна, ажыратылгыс жекече мүлктүк эмес укук болгон жана мөөнөтсүз корголуучу автордук укук таандык болот. Автордук жөнүндөгү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет. Селекциялык жетишкендиктин автору эмес патент ээси менен патент ээси эмес автордун ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет. Автор патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу. Автордун күбөлүгү жоголгон же ага зыян келтирилген учурда авторго тийиштүү алым төлөнгөн шартта дубликат берилет. (Сегизинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-21" title="21-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>