# 16-статья. Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 16-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-16

---

Патент берүү жөнүндө чечим чыгарылгандан жана тийиштүү алым төлөнгөндөн кийин селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталат. Алым өтүнмө берүүчү экспертизанын селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндөгү чечимин алган датадан тартып эки айдын ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча алым төлөнгөн шартта төлөнөт. Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтарды киргизүү тартибин жана алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Селекциялык жетишкендиктин патенти өтүнмө берүүчүгө берилет. Эгерде патент алуу жөнүндөгү өтүнмөдө бир нече өтүнмө берүүчүлөр көрсөтүлсө, патент өтүнмөдө биринчи көрсөтүлгөн өтүнмө берүүчүгө берилет жана өтүнмө берүүчүлөр тарабынан алардын ортосундагы макулдашуу боюнча бирге пайдаланылат. (Бешинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Алтынчы бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Патент ээси болбогон селекциялык жетишкендиктин авторуна ушул Мыйзамдын 21-статьясына ылайык автордун күбөлүгү берилет. Патент ээсинин талабы боюнча берилген патентке айкын-ачык жана техникалык жаңылыштыктарга оңдоолор киргизилет. Патент жоголгон же ага зыян келтирилген учурда патент ээсине тийиштүү алым төлөнгөн шартта дубликат берилет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы №4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-17)
