# 15-статья. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу жана өткөрүлгөн мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 15-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-15

---

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимге макул болбосо ал Апелляциялык кеңешке өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн жана сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүгө укуктуу. (Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Апелляциялык кеңешке каршы пикир бергендиги үчүн тиешелүү алым төлөнөт. Апелляциялык кеңештин чечимине карата өтүнмө ээси кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттанышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 11-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр жүйөлүү себептер болгондо жана алым төлөнгөндө калыбына келтирилиши мүмкүн. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-16)
