# 14-статья. Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241590..1241591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 14-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-14

---

Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Сортко сыноолорду жүргүзүү үчүн алым төлөнөт. Өтүнмө ээси экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылган материалдар менен таанышып, сыноолордун жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат. Селекциялык жетишкендиктерге айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноонун негизинде алардын коргоого жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат. Өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө билдирилген селекциялык жетишкендиктердин селекциялык жетишкендикти коргоо жөндөмдүүлүгүнүн шарттарына шайкеш келбегени белгиленген учурда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. (КР 2015-жылдын 12-январындагы №4, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-15)
