# 11-статья. Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы

- Документ: [Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/87)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 13-июну № 79 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 13.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205438); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/87#diff=1241588..1241589>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-76/edition/1241585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/87/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө, 11-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-11

---

Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы ал берилгенден кийин эки айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган документтердин бар экендиги, селекциялык жетишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8-статьясынын талаптарына ылайык келиши текшерилет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгы белгиленет. Алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнөт. Өтүнмө берүүчү өтүнмө берген күндөн тартып жана өтүнмөнүн карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлаганга чейин өтүнмө ээси билдирилген селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын өзгөртпөстөн, алым төлөнгөн болсо, өз демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарын толукташы, оңдошу же тактоосу мүмкүн. Эгерде өтүнмө аны жол-жоболоштурууга жана түзүүгө карата белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе же экспертизанын максаттары үчүн кошумча материалдар талап кылынса, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде оңдолгон же жок материалдарды берүү жагы сунуш кылынат. Эгерде алдын ала экспертизанын жүрүшүндө селекциялык жетишкендиктин аталышы белгиленген талаптарга дал келбей турганы аныкталса, өтүнмө ээсине кабарлама жиберилет, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде башка аталышты берүү жагы сунуш кылынат. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган суроо-талапка же кабарламага жооп берүү мөөнөтү алты айга чейин узартылат. Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды бербесе, селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртпөсө же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнмө бербесе, өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат. Алдын ала экспертиза оң жагына чечилгенде өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарланат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/87/st-12)
