Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 января 2015 года № 4
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: селекциялык жетишкендиктин автору (селекциячы) - чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендикти түзгөн адам; тукум - коргоого жөндөмдүүлүгүнө карабай генетикалык жактан шартталган биологиялык жана морфологиялык касиеттерге жана белгилерге ээ болгон жаныбарлар тобу; ошондой болсо да, алардын кээ бирлери ошол топ үчүн мүнөздүү болушат жана аны жаныбарлардын башка түрлөрүнөн айырмалашат. Тукум ургаачы же эркек жаныбар же асыл тукумдук материал түрүндө болушу мүмкүн. Тукумдун корголо турган категориялары: тип, заводдук сызык, кросс сызыгы жана тукумдаштар болуп саналат. асыл тукум жаныбар - тукум алуу үчүн калтырылган жаныбар; асыл тукумдук материал - асыл тукум жаныбар, анын гаметалары же зиготалары (эмбриондор); селекциялык жетишкендик - өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму; корголуучу селекциялык жетишкендик - корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму; сорт - белгилүү класстардын ичинен төмөнкү бир эле ботаникалык таксондун чегиндеги, коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттарын толук канааттандырган-канааттандырбагандыгына карабай, ошол генотипти же генотиптер айкалышын мүнөздөөчү белгилер менен аныкталышы мүмкүн болгон, ошол эле ботаникалык таксондогу өсүмдүктөрдүн бөлөк топторунан болбоду дегенде бир белгиси менен айырмаланган, өзгөргүс бир бүтүн өсүмдүктөр сортун алуу үчүн жарактуулук көз карашынан алганда бирдиктүү деп эсептелиши мүмкүн болгон өсүмдүктөр тобу. Сорттун корголуучу категориялары: клон, сызык, биринчи муундагы аргын, популяция болуп саналат; үрөн - сортту өстүрүп алуу үчүн колдонулган өсүмдүктөрдүн генеративдик жана вегетативдик органдары; өсүмдүк материалы - сортту кайрадан өстүрүүдөн айырмаланган, башка максаттарда көбөйтүп чыгарууга же сатууга арналган бүтүндөй өсүмдүк же өсүмдүктүн бир бөлүгү, үрөндөр, көчөттөр, отургузулуучу уруктар, ар кандай өсүмдүктөрдүн жемиштери; контрафакттык селекциялык жетишкендик - селекциялык жетишкендик, аны көбөйтүү жана (же) коммерциялык пайдалануу патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузууга алып келет. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 668 "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 24.11.2014 · № 668 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-1" title="1-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>