# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 153 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 153 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/86254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2710/edition/1027622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/86254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 153 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (03.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/86254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-августу № 153 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн жок. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоо 2020-жылдын 17-августуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоо 2020-жылдын 17-августуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Түп жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:

- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты (Конурбаев М.А.) керектүү материалдар (бет кап, кол кап жана санитайзер) менен камсыздоого көмөктөшсүн.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
